• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

«КР ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 20-мартында кабыл алынган.

«Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин, Жоруктар жөнүндө кодексинин, Жазык-процесстик кодексинин, Жазык-аткаруу кодексинин, «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормаларына дал келтирүү үчүн Мыйзам аркылуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий