• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР ИИМ: 4 айда жашы жете электердин 47 суицид фактысы катталган

Кырсык 0

Бишкек, 13-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 2017-жылдын 4 айында жашы жете электердин өз өмүрүнө кол салуусу боюнча 47 факт катталса, өткөн жылдын бул мезгилинде 39 суицид катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМдин жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын жетекчиси Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 29 өспүрүм ата-энеси менен урушуп, 3 оорусуна байланыштуу, 9 жоопсуз сүйүү үчүн өмүрүн кыйышкан. 3 факты боюнча себеби аныкталууда.

“Суициддин негизги себеби ө ата-энелеринин балдарына болгон мамилеси. Ата-энесинин жетишсиз көңүл буруусу ушуга алып келет. Ошондуктан ар бир ата-эне баласы тууралуу бардыгын билиши керек. Үй-бүлө институту начар иштейт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий