• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ИИМ Академиясынын офицерлери жана курсанттары Ноорузду майрамдашты

Маданият 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМинин Академиясында 20-мартта Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу КР ИИМ Академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык күн өндүрүлгөн дандан жасалган “Сүмөлөк” ооз тийгизүүдөн башталды. Аны суткалар бою офицерлер жана курсанттар кайнатып, даярдашкан.

Нооруз майрамын белгилөөнүн урматына КР ИИМ Академиясынын офицерлери кыргыз элинин руханий маданиятын жана салттарын, улуттук баалуулуктарын сактап, “Кыз-жигит Сармерден” оюнун өткөрүштү. Бул сынакта аталган академиянын кызматкерлери өз таланттарын көрсөтүп, ыр-бий, табышмак жана жаңылмачтарга орун берилди.

Мындан тышкары, бул күнү «Кол күрөш», «Аркан тартыш» жана «Таяк тартыш» улуттук спорттук оюндары боюнча мелдештерде байгелүү орундар гуманитардык илимдер кафедрасынын жана факультеттердин өкүлдөрүнө тийди.

Пикир

Оставить комментарий