• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМ Академиясына окуу-методикалык адабияттар, орус тилин үйрөнүүгө арналган китептер тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-февралда КР ИИМ Академиясынын башчысы Тариел Абитов, анын орун басары Арзыгүл Жоробекова жана Тилге даярдык кафедрасынын башчысы Жылдыз Секебаева Бишкектеги Россиянын Илим жана маданият борборунун өкүлдөрү - Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Нефедов жана борбордун кызматкери Дмитрий Сагайдак менен жолугушту. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара эл аралык китеп тартуулоо күнүнө карата уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө орус тилин өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында орус тили мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну үзгүлтүксүз жана системалуу негизде уюштуруу, лекцияларды, эл аралык деңгээлдеги семинарларды өткөрүү, Россия ИИМдин билим берүү мекемелерине, жана башка жогорку окуу жайларына окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу үчүн жөнөтүү, Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин юридикалык университеттери менен тыгыз кызматташуу жана ИИМдин Академиясынын базасында орус тилин үйрөнүү боюнча толук кандуу борборду (лингвафон бөлмөсү) ачуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө көптөгөн суроолор талкууланды.

ИИМ Академиясынын башчысы Абитов орус тилин өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн конокторго ыраазычылык билдирип, мындан ары да өз ара кызматташтыкты өркүндөтүүгө үмүт артаарын билдирди.

Жолугушуунун аягында делегация КР ИИМинин Академиясынын китепкана фондусуна окуу-методикалык адабияттарды, орус тилин үйрөнүүгө арналган китептерди жана дидактикалык материалдарды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий