• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялайт

Коом 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги “Бир ырдын сынагы” конкурсун жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сынак Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уюшулгандыгынын 96 жылдык мааракесине карата уюштурулууда.

Сынактын шарттары:

Сынакка жиберилген ырлардын көлөмү стандарттуу (4 саптык) формада жана алты куплеттен ашпаган, уйкаштыгы, көркөмдүгү, ыргагы адабий талаптарга төп келген, милициянын ишин, турмушун жана милиционердин күжүрмөн образын чагылдырган, мурда эч жерде жарыяланбаган, эл алдында ырдалбаган, ушул сынакка арналып жаңы жазылган чыгарма болушу керек. Эгерде чыгарма ак ыр түрүндө жазылган болсо, саптары алты куплет ырдын көлөмүнөн ашпашы шарт.

Сынакка жаш курагы боюнча чектөөлөр жок. Ырдын тексттери 12-шрифт менен терилип, ө, ү, ң, тамгалары кыргызча жазылышы керек.

Сынакка жиберилген чыгармалар 2020-жылдын 15-октябрына чейин кабыл алынып, жыйынтыгы 7-ноябрда чыгарылат. Жеңүүчүлөргө байгелүү сыйлыктар тапшырылат.

Чыгармаларды төмөнкү дарек боюнча жиберсеңиздер болот:

Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 469. “Бетме бет” гезитинин электрондук почтасы “betme-bet@inbox.ru”. Ошондой эле (0312) 266125, 266124 телефон номурлары аркылуу байланышууга болот.

“Кымбаттуу калемгерлер, таланты ташыган кыргыздын акындары, чечендери, төкмөлөрү деги эле калем кармаганга шыктуу Кыргызстандын инсандары, Сиздерди бул сынакка катышууга чын дилден чакырабыз!”,- деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий