• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР ИИМде 6 өз алдынча кызмат түзүлдү

Коом 0

Бишкек, 4-август /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинде 6 өз алдынча кызмат түзүлгөнүн ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

КР президенти Алмазбек Атамбаевдин “КР укук коргоо органдары тутумундагы реформа чаралары жөнүндө” буйругун жана “КР ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралары жөнүндө” өкмөттүн токтомун ишке ашыруу, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү максатында ИИМде 6 өз алдынча кызматтар түзүлүп, алардын жетекчилери дайындалды.

1.Криминалдык милиция кызматы – жетекчиси милициянын полковниги Болпонов Нурмат Жумабекович;
2.Баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы – жетекчиси милициянын полковниги Араев Азамат Муратович;
3.Ички тергөө кызматы – милициянын полковниги Кочербаев Скандарбек Анатольевич;
4.Тергөө кызматы – милициянын полковниги Уметалиев Талантбек Жедигерович;
5.Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы – милициянын полковниги Бийбосунов Улан Мелсович;
6.Коомдук коопсуздук кызматы – милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович

Пикир

Оставить комментарий