• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ИИМдин башчысы маалымат жыйынды Улан Эгизбаевди эскерүү менен баштады

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча отчеттук маалымат жыйында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан журналист Уланбек Эгизбаевди эскерүү менен баштады.

“Биз калеми курч мыкты журналистибизден айрылып олтурабыз. Бүгүн Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага байланыштуу Эгизбаевди 1 мүнөттүк эскерүү менен жыйынды баштасак”, -деп билдирди министр.

Эске сала кетсек, журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда каза болгон. Ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жубайы менен эс алып жүрүп, көлгө чөгүп кеткен. Ал болгону 28 жашта эле.

Пикир

Оставить комментарий