• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР ИИМдин делегациясы Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өзүнүн өзбекстандык кесиптештери менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки министрликтин кызматташтык маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба менен алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү жана башка маселелерин талкуулады.

Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандан барган кесиптештерине ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө айтып беришти.

Андан сырткары, КР ИИМдин делегациясы Ташкент шаарынын жана Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий