• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ИИМдин кызматтык жеңил атлетика боюнча Чемпионаты башталды

Спорт 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. “Динамо” түндүк спорттук комплексинин аймагында 30-мартта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматтык жеңил атлетика түрү боюнча Чемпионаты башталды. Бул тууралуу КР ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара КР ИИМдин спорттук-массалык иш-чараларынын календарлык планына ылайык республиканын ички иштер органдарынын кызматкерлеринде мекенчилдикти, потенциалды өнүктүрүү жана кесиптик, дене тарбиялык даярдыгын жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.

Иш-чаранын ачылышы министрдин 1-орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун катышуусунда өттү. Чемпионатка республиканын бардык аймактарынын ички иштер органдарынан 13 команда катышууда.

Министрдин 1-орун басары Сүйүн Өмүрзаков өз сөзүндө кызматтык жеңил атлетика түрү милиция кызматкерлерин шамдагайлыкка, ыкчамдыкка жана чыдамкайлыкка үйрөткөн спорт түрү экендигин белгиледи.

Бул сапаттар милиция кызматкерлерине алардын кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдук тартипти камсыздоо ишинде кыйла зарыл.

Кайрылуусунун соңунда С.Өмүрзаков Чемпионаттын катышуучуларына ийгилик каалап өттү.

Пикир

Оставить комментарий