• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү бейбаштыкка жана ири алдамчылыкка шектелген кыргызстандыктарды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү бейбаштыкка жана ири алдамчылыкка шектелген кыргызстандыктарды кармады, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлери чет мамлекеттерде жашынып, издөөдө жүргөн жарандардын кайда экендигин аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларды жүргүзүп келүүдө.

"Дайынсыз жоголгондорду издөө бул ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн бүтүндөй бир багыты болуп эсептелет", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү Россия Федерациясынын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташуунун негизинде жарандарды жана мамлекеттик уюмдарды маанилүү чыгымдарга учуратып, жашырынып издөөдө жүргөндөрдү аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Жакында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү Россиянын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасыны жарандары кармалды.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдан бери издөөдө жүргөн Ош облусунун Ноокат районунун 1994-жылы туулган К.К. аттуу жашоочусу кармалды. Ал Чүй облусунун Москва районунун ИИБи Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык максатта саламаттыкка атайылап оор зазал келтирүү") менен 234-беренесинин 2-бөлүмүндө ("Адамдардын тобу тарабынан жасалган бейбаштык") көрсөтүлгөн кылмыш курамын жасоого шектелип издөөдө жүргөн.

Жогорудагы жаран 2014-жылы ноябрда Москва районунда жайгашкан кафеде ээнбаштык кылып, кардардын бирин таш менен койгулап сабап салган. Жыйынтыгында жабырлануучунун саламаттыгына залал келтирилип, операция жасалган.

Андан сырткары, Ош облусунун Алай районунун 1976-жылы туулган А.Г. аттуу жашоочусу (аял киши) кармалды. Ал 2009-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Аталган жаран Ош облусунун ИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктунда ("кыйла ири көлөмдө жасалган алдамчылык") көрсөтүлгөн кылмыш курамы боюнча издөөгө алынган.

А.Г. аттуу жаран 2016-жылдан 2017-жылга чейин базарда иштеген 4 жарандын ишенимине кирип, акча каражатын алган соң изин жашырып белгисиз тарапка
качып кеткен. Жабырлануучуларга келтирилген материалдык чыгым 4 540 000 сомду түзүгөн.

2015-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну 1978-жылы туулган С.А. кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмү ("Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык") менен 304-беренесинин 1-бөлүмүндө ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча козгогон иш боюнча
Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2012-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Аталган жаран 2008-жылы алдамчылык жолу менен ЖЧКдан ири суммада акча каражатын 250 миң АКШ долларын алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Ошондой эл Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочусу 1986-жылы туулган М.А. кармалды. Ал 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кыргыз Республикасынын УКМКсы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү ("коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө, болбосо башка адамга, же коомдук тартиптин бузулушуна бөгөт койгон адамга каршылык көрсөтүүгө байланыштуу жасалганда") көрсөтүлгөн кылмыштардын курамы боюнча козгогон иш боюнча Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн.

Азыркы учурда издөөгө алган тарап кабарланып, укук коргоо органдары тарабынан тиешелүү маселелер чечилип жатат.

Пикир

Оставить комментарий