• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ИИМдин РФдагы өкүлчүлүгү Москвадагы кыргызстандыктар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 11.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү 2020-жылдын декабрь айында “Ак-Барс” спорттук клубунда бош убактыларында машыккан жаш кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу учурунда өкүлчүлүктүн этникалык принциптер боюнча уюшулуп жаткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жасаган иштери жөнүндө маалыматтар берилди.

Спортчуларга коомдук тартипти бузбоо жана келген өлкөнүн мыйзамдарын так аткаруу керектиги айтылды. Андан сырткары, спорттук клубдардын машыктыруучуларына өздөрүнүн окуучуларына физикалык даярдыктарын өнүктүрүү менен гана эмес, маданий жактан дагы тарбиялап, алдын алуу мүнөзүндөгү иштерди дагы ар дайым жүргүзүү керектиги сунушталды.

Элчилик, КР ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик миграция кызматынын РФдагы өкүлчүлүктөрү, кыргыз даиспоралары, коомдук уюмдар менен ар дайым байланышта болуулары айтылды. Элчиликтин расмий сайтын жана социалдык тармактарын карап туруу зарылдыгы, маселелер жаралган учурда ыкчам линияга байланышуу керектиги түшүндүрүлдү.

Кыргызстандык жаштарга мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүү мындан ары дагы уланат.

Пикир

Оставить комментарий