• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ИИМи менен Катар мамлекетинин мындан ары да өз ара кызматташуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 04.12.19. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен Катар мамлекетинин мындан ары да өз ара кызматташуусу талкууланды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевдин Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулейти менен жолугушуусу өттү. Аталган жолугушуунун максаты - КР ИИМи менен Катар мамлекетинин ортосундагы мындан аркы кызматташуусун талкуулоо. ИИМ башчысы элчиге ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал эми элчи министрге Катар мамлекетинин көз карандысыздыкты алган күнүнө арналган иш-чарага катышуу үчүн расмий чакырууну тапшырды.

Мындан тышкары, эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн маселелер талкууланып, өз пикирлери менен бөлүшүштү.

Ошондой эле, кыргыз-катар мамилелерин мындан ары бекемдөө тууралуу маселелер каралып, тараптар укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларынын учурдагы деңгээлин жогору баалашып, аны өнүктүрүү боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Жолугушуунун аягында ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев көп жылдардан берки достук мамиле эки тараптуу кызматташууну бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө жардам берээрин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий