• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР инвестициялар министри Түркиянын "Biotrend Energy" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Кыргызстандын инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов «Biotrend Energy» түрк компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуу КР Инвестициялар министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана «Biotrend Energy» түрк компаниясынын ортосундагы ушул жылдын 23-агустунда кол коюлган «Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү заводду долбоорлоо жана куруу» инвестициялык долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу меморандумдун алкагында болду.

Меморандумду ишке ашыруунун алкагында таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушун деталдуу изилдөө үчүн жогоруда аталган компаниянын менеджерлери менен техникалык адистеринен турган кеңейтилген делегация Бишкек шаарына келди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушунун деталдуу планы, ошондой эле стадион куруу жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү талкууланды.

Маалымат үчүн: Biotrend Enerji Doğanlar Holding компаниясынын туундусу, 2017-жылы альтернативдүү энергияны өндүрүүгө инвестициялоо миссиясын толуктоо үчүн технологияларды иштеп чыгуу жана колдонуу борбору болуу үчүн түзүлгөн. 2021-жылдын аягына карата Biotrend Enerji 13 иштеп жаткан заводго ээ.

Пикир

Оставить комментарий