• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги ТИМге өткөрүлүп берилет

Экономика 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Тышкы иштер министрлигине өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү – Маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, макулдашылган келишимдердин жана кол коюлган дкументтердин алкагында документтерди ишке ашыруу жана чет элдик инвестицияларды тартууда координацияланган жана дароо аракеттерди көрүү максатында КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигин ТИМ алдындагы инвестицияларды тартуу жана экспортторду жылдыруу агенттигине өзгөртүү боюнча маселе демилгеленип, тиешелүү документтер даярдалган.

Дыйканбаев баса белгилегендей, 2019-жылдын биринчи жарымында КРнын чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын туристтик потенциалы 19дан ашуун жолу тартууланган. Туризмди өнүктүрүү боюнча 30дан ашуун эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, КР тууралуу 10 улуттук стенд уюштурулган. ITB (Берлин), MITT (Москва), KITF (Алматы), Arabian travel market (Дубай) сыяктуу эл аралык иш-чара, көргөзмө жана жармакелерге катышуу уюштурулган.

Ошондой эле экспортту жана инвестициялык потенциалды алдыга жылдыруу боюнча 121 жолугушуу өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий