• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР юстиция министри ЮСАИДдин өкүлү менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде юстиция министри Асел Чынбаева менен Кыргызстандагы USAID Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлеттин онлайн форматтагы жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Юстиция министри Асел Чынбаева Алдер Бартлетт айымга юстиция органдарын өнүктүрүү чөйрөсүнө, анын ичинде акысыз юридикалык жардам берүү Борборунун ачылышына каржылык көмөк көрсөткөндүгү үчүн рахмат айтты.

Кыргызстандагы USAID Миссиясынын директорунун милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт USAIDдин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасын өнүктүрүү, калктын укуктук маданиятын жогорулатуу, укуктук маалыматка жетүү, ошондой эле калктын аялуу катмары, айрыкча майыптыгы бар аялдар жана адамдар үчүн укуктук адилеттүүлүккө жетүүсүн жакшыртуу маселери боюнча менен USAIDдин өз ара аракеттенүү багыттары жана мындан аркы кызматташтык маселелери талкууланды.

Юстиция министри алдыдагы мыйзамдарды толук масштабдуу инвентаризациялоо жана ишке көз карандысыз эксперттерди тартуу зарылдыгы жөнүндө кеңири маалымат берди.

Алдер Бартлетт айым КР Юстиция министрлигине ар кандай багыттарды кызматташтыкта жардам көрсөтүүнү улантууга даяр экендигин билдирди.

Асел Чынбаева жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, КР Юстиция министрлиги менен USAID`дин ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташтыктын уланарына ишенерин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий