• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР көк бөрү биринчилигинен Монголияны 4:0 эсебинде жеңди

Спорт 0

Бишкек, 21.08.17 /Кабар/. Кыргызстандын курама командасы Астанада өткөн көк бөрү боюнча биринчиликте Монголияны 4:0 эсебинде жеңди. Казанга улак салгандар Кубанычбек Султан уулу, Аскат Батырбек уулу жана Урмат Раушан уулу болду.
Маалым болгондой, дүйнөлүк мелдеш боюнча оюн 20 мүнөттөн 2 тайм ойнолот, көк бөрүнүкүнө окшоп 3 таймдан эмес.
Эске сала кетсек, Кыргызстан курама командасы биринчи турда Монголияга каршы чыккан эмес. Анын башкы себеби болуп, уюштуруучулардын кыргыз оюнчуларынын аттарынын артындагы такаларын чечиш керек деген талап коюлгандыгында болгон. Бирок мындай талап регламенттин талабында көрсөтүлгөн эмес. Спортчулар өздөрү билдиргендей, мындай шартта аттардын буттары кокустап калышы ыктымал.
Дүйнөлүк биринчиликте бардыгы болуп 12 өлкө катышууда. Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Азербайжан, Россия, Венгрия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан жана Ооганстан.
Мелдеш Казакстадын борбору Астана шаарында өтүүдө. Көк бөрү боюнча биринчиликтин бүгүн ачылды.

Пикир

Оставить комментарий