• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР, Казакстан жана Түркмөнстан ТИМ башчылары кызматташууну талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. ТИМ министри Эрлан Абдылдаев 5-августта Тегеранда Казакстандын жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери Кайрат Абдрахманов жана Рашид Мередов менен жолукту.

Белгилей кетсек, Абдылдаев башында турган кыргыз делегациясы Ирандын президенти Хасан Роуханинин инаугурациясына катышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Казакстан министрлери эки тараптуу кызматташуудагу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, эл аралык мекемелер жана интеграциялык бирикмелер аралык мамилелер боюнча пикир алышты.

Маалым болгондой, Абдылдаев менен Мередов эки тараптуу жолугушууда кыргыз-түркмөн мамилесиндеги суроолордун кеңири спектрин, мындан тышкары пландалып жаткан иш чаралар, жогорку деңгээлдеги иш сапарлар тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий