• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР хоккейчилери АКШда өтө турган эл аралык турнирге катышат

Спорт 0

Бишкек, 29.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. КР жаш хоккейчилери АКШда өтө турган эл аралык Barrington Ice Arena турнирине катышат.

Бишкектик "Sky” курама командасынын оюнчусу Нуртемир Сулайманов социалдык түйүндөрдө билдиргендей, алар башка командалар сыяктуу эле Кыргызстандын атынан ойноп, мыкты оюн көрсөтүү максатында АКШга учуп келишкен.

Турнир 1-8-декабрь күндөрү Чикаго шаарында (АКШ) өтөт. Биринчи орун үчүн Россия, Кыргызстан, Канада жана АКШнын курамалары ат салышат.

Мурда ЖМКда маалымдалгандай, Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу хоккей боюнча эл аралык турнирде катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий