• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР хоккейчилери Азия чакырыгы Кубогунда күмүш медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 18.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын хоккей (U-20) боюнча курама командасы Азия чакырыгы Кубогунда күмүш медаль утту. Бул тууралуу КР хоккей федерациясынын вице-президенти Элзар Болотбеков билдирди.

Даниил Шушеньковдун кол алдындагылар 1:6 эсеби менен Малайзиянын курумасына утулуп калган.

Турнирдик көрсөткүчтө кыргыз хоккейчилери 9 упай алып, 2-орунду ээлеген.

Турнирде 1-орунду Малайзия, Филиппиндин курамасы коло медаль багындырган.

Эске сала кетсек, турнир 12нен 17-декабрь күндөрү Куала-Лумпур шаарында (Малайзия) өтүп, анда Кыргызстан, Индия, БАЭ, Филиппин жана Малайзиянын курамалары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий