• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР кикбоксчуларын Дүйнө чемпионатына киргизбей коюшкан

Спорт 0

Бишкек, 10.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Будапештке WAKO кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатына катышууга учуп келген Кыргызстандын кикбоксинг боюнча курамасын мелдештерге киргизбей коюшкан.

Булак билдиргендей, спортчуларды салмакты өлчөөгө киргизип, бирок турнирдин өзүнө белгисиз себептерден киргизбей коюшкан. Ошол эле учурда спортчулардан катышуу, тамак-аш жана жашаган жери үчүн төлөм алышкан.

Белгилей кетсек, КР курамасынын курамында Венгрияга 9 спортчу жана 3 машыктыруучу учуп келген.

Учурда уюштуруучулар төлөнгөн сумманы кайтарып беришпей турганы белгиленүүдө.

Жыйынтыгында тынымсыз машыгып, чемпионатка катышууга чоң аракеттерди жумшаган спортчулар жабыркашты. Ал эми айрым спортчулар үчүн бул алардын карьерасындагы акыркы чемпионаты болчу.

WAKO кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты 4нөн 12-ноябрга чейин Будапештте өтүүдө. Турнир күрөш спортунда маанилүү иш-чара болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий