• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР КК Башкы штабы: Гүлчөдө токко урунган аскер кызматкери каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 09.12.19. /Кабар/. Кечээ, 8-декабрда саат 19.30дар чамасында Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн ток урган аскери, ефрейтор Ш. у А каза болду. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 4-декабрында Гүлчө айылында жайгашкан №92843 аскердик бөлүктүн келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскери - радиотелефонист, ефрейтор Ш. у А. тактикалык машыгуудан кайтып келе жатканда жогорку вольттуу электр өткөргүч зымынын жанынан өтүп баратып, радиостанциянын антеннасы аркылуу токко урунган.

Жабыркаган аскер ооруканага жеткирилип жардам көрсөтүлгөн. 6-декабрдан тартып ал Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө болуп, кечки саат 18дер чамасында абалы начарлаган. Дарыгерлер тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлгөн, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүнүн Башкы штабынын жетекчилиги жана өздүк курамы каза болгон аскердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий