• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР КК Башкы штабынын башчысы ЖККУ аскер комитетинин отурумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Кечээ, 14-апрелде КР Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Эрлис Тердикбаев Россиянын Коргоо министрлигинин “Патриот Экспо” конгресстик-көргөзмө борборунда Жамаатык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча аскер комитеттеринин 18-отурумуна катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара Кыргызстан, Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын Куралдуу Күчтөрүнүн штаб башчылары, ЖККУнун Бириккен штабынын жана Генералдык катчысынын орун басарынын катышуусунда өттү.

Аскер комитетинин мүчөлөрү ЖККУнун ишмердүүлүгүн аскер чөйрөсүндөгү приоритеттүү багыттары менен таанышып, ЖККУнун жоопту зоналарындагы аскердик коркунучтарды жана чакырыктарды талкуулашты. Ошондой эле, жамааттык коопсуздуктун күч системасын калыптоо жана биргелешкен башкаруу органын даярдоо боюнча иш-чараларын талкуулашты. Отурумдун жүрүшүндө кризиске жооп кылуу борборунун ишмердүүлүгүн жана радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу менен ЖККУнун медициналык камсыздоосунун бөлүкчөлөрүн түзүү боюнча маселеси каралды.

Отурумдун катышуучулары РФ Куралдуу күчтөрүнүн Жуков ордендүү жалпы аскердик академиясынын жана Краснодардагы жогорку аскердик окуу жайдын ЖККУнун тынчтыкты сактоо персоналын даярдоо боюнча окуу-методикалык базасы менен таанышып, ЖККУ мүчө-мамлекеттерине маалымааттык коопсуздук боюнча аскер кадрларды даярдоо жөнүндө маалыматтарын угушту.

Пикир

Оставить комментарий