• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР КК Кургактагы аскерлеринин 12544 аскер бөлүгүнө Күжүрмөн туу тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы генерал-майор Р.Дүйшөнбиев Күжүрмөн тууну КР КК Кургактагы аскерлеринин 12544 аскер бөлүгүнүн командирине салтанат менен тапшырды. Бул тууралуу Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Курагактагы аскерлердин командачылыгы, Ооган, Баткен согушунун ардагерлер кеңеши жана аскер бөлүктүн ардагерлери катышты.

КР КК Башкы штабынын башчысы өз сөзүндө Күжүрмөн туунун аскердик кошуун үчүн болгон өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилеп, аскер кызматчылардын Ата Мекенге, Күжүрмөн тууга болгон ыйык милдетин аткарууда күжүрмөн салттарды сактоого чакырды.

Иш-чаранын соңунда өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий