• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР өкмөт башчысы Ноорузга арналган жарманкеге катышты (сүрөт)

Өкмөт 0

Бишкек, 21.03.18 /Кабар/. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата КР Тышкы иштер министрлиги жана Бишкек мэриясы уюштурган Дипломатиялык кайрымдуулук жарманкесине катышты.

Өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдиргендей, өкмөт башчы Бишкек шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана ардактуу консулдуктардын ар бир павильонун кыдырып, түрдүү элдердин улуттук даамдарынан ооз тийди. Кайрымдуулук жарманкесинин жүрүшүндө дипломатиялык миссиялардын башчылары өз өлкөлөрүнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий