• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР Өкмөтү Дүйнөлүк соода уюмуна кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча расмий кайрылуу жолдоду

Өкмөт 0

Бишкек, 17.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүн, 17-октябрда, Дүйнөлүк соода уюмунун катчылыгына кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы абал боюнча расмий кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кайрылууга Казакстан Республикасы Дүйнөлүк соода уюмун түзүү жөнүндөгү башкы макулдашууну жана макулдашуудагы негизги ченемдерди бузгандыгы негиз болгон.

Маалымдай кетсек Казакстан Республикасы күтүлбөгөн жерден 2017-жылдын 10-октябрында кыргыз-казак жана орус-казак мамлекеттик чек араларына кошумча текшерүү чараларын киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын унаалар көп өтүүчү «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү пункттарынан унаалардын өтүүсү 2,4 эсеге кыскарган.

Кыргыз Республикасы Казакстан Республикасы менен бирдей Дүйнөлүк соода уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп эсептелгендиктен толугу менен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында өз укугун коргойт.

Пикир

Оставить комментарий