• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР өкмөтү гендердик зомбулукту жок кылуу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүдө – БУУнун КРдагы координатору

Коом 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук – адамдын укуктарын одоно бузуу болуп саналат, өнүгүү үчүн терс кесепеттерди алып келет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору, БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлү Озонния Ожиелло Бишкекте өткөн субрегионалдык конференцияда билдирди.

Анын пикиринде Кыргызстандын өкмөтү тиешелүү мыйзамдарды аткаруу жана гендердик зомбулукту жоюу боюнча чечкиндүү чараларды көрүүдө.

“КРдагы Бириккен Улуттар уюму зомбулуктан эркин коомду куруу боюнча бул күч-аракеттерди активдүү түрдө колдойт”, - деп белгиледи Ожиелло.

Конференциянын катышуучулары аймактардагы жана андан тышкары жактардагы аялдарга карата зомбулукту жок кылуу жана алдын алуу тажрыйбаларын, анын ичинде эл аралык стандарттарга ылайык улуттук саясатты жакшыртууну, зомбулуктун курмандыктарына саламаттыкты сактоо, укук коргоо органдары, укуктук, социалдык кызмат көрсөтүүлөр тармагында сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулашууда. Иш-чаранын алкагында социалдык нормаларды трансформациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий