• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР өкмөтү майыптардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшап келет - премьер

Өкмөт 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Кыргыз өкмөтү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын жакшыртуу үчүн баардык күч-аракетин жумшап келет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Майыптардын эл аралык күнүнө карата арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтуусунда, ал социалдык чөйрөдө 20 жылдан ашык убакыт эмгектенген жана ошол чөйрөдөгү баардык көйгөйлөрдү ичинен билет.

“Кыргызстандын мыйзамдарында жана өкмөттүн программасында социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келет. Жакында майыптардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясы бекитилген, эми өкмөт тарабынан мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн тиешелүү каражат бөлүнөт. Биз качан бактылуу болобуз? Качан баардыгыбыз мыйзам алдында бирдей болгондо жана биздин укуктарыбыз өлкөдө тиешелүү деңгээлде корголгон кезде гана”, - дейт Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, 23-ноябрь күнү өкмөт майыптарды караган ата-энесине же туугандарына өкмөттөн айлык акы алууга укук берген токтом кабыл алды. Ошондой эле эгер майыптын туугандары аны кароого мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда айлык акы караган жардамчыга төлөнөт.

“Учурда өкмөт майыптарга жардам берип, алар менен иштеген БУУ, ЮНИСЕФ, Кызыл жарым ай сыяктуу эл аралык донорлор жана уюмдар менен кызуу иштөөдө”, - дейт өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий