• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Өкмөтүнүн алдында «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү. Мындай чечим бүгүн, 12-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өткөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу менен, координациялык орган түзүү муктаждыгы келип чыкканын белгиледи. Кеңешти түзүүнүн максаты электрондук башкаруу багытындагы саясатты иштеп чыгуу болуп саналат. Кеңеш, электрондук башкарууга өтүү үчүн стратегиялык мүнөздөгү сын-пикирлерди берүүчү орган болуп калат жана сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кылат.

«Кеңештин «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруудагы башкаруу схемасы бардык кызыкдар тараптарды өзүнө камтуу менен мобилдүү болуп калуу үчүн түзүлгөн. Долбоор жалпы эле мамлекеттик жана коомдо өзгөртүү катализатору катары кызмат кылууга тийиш, жана буга биз биргеликте жете алабыз», – деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруу процессинде өлкөнүн коомдук өнүгүүсүндөгү бардык субъекттер пайда көрүүгө тийиш экендигин белгиледи. Тактап айтканда, мамлекеттик башкаруу – бул долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик башкаруу системасында ачык-айкындыкты жогорулатууга алып келет жана коррупцияга каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча салмактуу каражат болуп калат. Бизнес үчүн-жаңы сатып өткөрүү рыноктору ачылат, киреше жана атаандашууга жөндөмдүүлүк өсөт. Мамлекеттик сектордо мамлекеттик органдардын натыйжалуулугу күчөтүлөт, коррупция төмөндөйт жана аларга калктын ишеними артат. Калк үчүн- кедейчиликти кыскартуу жана кирешелердин теңсиздигин жоюу, жаңы жумушчу орундарын түзүү жана калктын жашоо деңгээлин жакшыртуу.

Кеӊештин милдеттерине электрондук башкарууга өтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, даярдоо жана программаларды талкуулоо менен пландарды кароо кирет.

Жыйындын чечимдеринин аткарылышы бардык кызыкдар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине жүктөлөт.

«Таза Коом» долбоору жеке инвестициялар жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашат. Ал натыйжалуу шарттары жана өзгөчөлүктөрү, аны алмаштыруу менен өнүккөн дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуу үчүн маанилүү долбоор болуп эсептелет», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы маалымдагандай, Digital CASA долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Дүйнөлүк банк мурда жактырылган 20 млн АКШ долл. суммасын 50 млн АКШ долл. чейин көбөйтүү жөнүндө сунушту демилгеледи.

Буга байланыштуу КР Финансы министрлигин жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетин буга өзгөчө көңүл буруп, бул маселени толуктап иштеп чыгуусун сураймын.

Кеңештин төрагасы болуп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, тең төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси эсептелет. Кеңештин курамына Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку соттун төрагасынын орун басары, Коопсуздук кеңешинин катчысы, маалымат-коммуникацялык технология жана бизнес ассоцияация тармагындагы жарандык коомдун жана эксперттердин өкүлдөрү кирет.

Маалымдама: «Таза Коом» долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тарабынан демилгеленип, мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жарандык коом жана бизнестин күчү менен ишке ашырылат. “Таза коом” долбоору – бул айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен, адамзат капиталын жана инновациялар жетекчиликке алган жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүн өз ичине камтып, алардын жашоосунун сапатын жана коопсуздугун арттырат.

Пикир

Оставить комментарий