• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн жана ӨРнын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин III жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин III жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Фергана шаарындагы (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек арага чектеш облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин кеңейтилген курамдагы үчүнчү жыйынына катышты.

Өз сөзүндө премьер-министрдин м.а. Артём Новиков Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине Кыргыз Республикасына коронавирустук инфекцияга каршы күрөшүүдө көрсөткөн гуманитардык көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өзбек тараптын кыйынчылык кырдаалда өз учурунда көрсөткөн колдоосу биздин өлкөлөр ортосундагы чыныгы бир туугандык мамилелердин күбөсү болуп саналат», - деп белгиледи Артём Новиков.

Андан соң ал эки өлкөнүн Чектеш облустар жетекчилеринин кеңеши келип чыккан маселелерди жана соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу милдеттерин ыкчам чечүү үчүн мыкты платформа болуп калгандагын билдирди.

Артём Новиков белгилегендей, экономикалык өз-ара аракеттешүүнү интенсификациялоо боюнча конкреттүү иш жүзүндөгү чараларды кабыл алуу жана эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгы келип жетти.

Буга байланыштуу премьер-министрдин м.а. кош экономиканын артыкчылыктарын жана потенциалын максималдуу пайдалануу менен биргелешкен продукцияны үчүнчү мамлекеттерге экспортоо үчүн өндүрүштүк кооперация долбоорлорун ишке ашыруу маселесин карап чыгууну сунуштады.

Белгиленгендей, өлкөлөр ортосунда инвестициялык кызматташтыктын пайдаланылбаган потенциалы мол.

«Чек арадагы региондордун экономикалык абалын өнүктүрүү үчүн биз жашылча-жемиштерди, сүт жана эт азыктарын өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле курулуш материалдарын жана бал өндүрүү сыяктуу бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыра алмакпыз», - деп кошумчалады Премьер-министрдин м.а.

Артем Новиковдун айтымында, соода жүгүртүүнү кеңейтүүнүн жана деңгээлин жогорулатуунун маанилүү шарты болуп, бул алардын транзиттик потенциалын өз ара пайдаланууга басым жасоо менен эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук-транзиттик кызматташтыкты активдештирүү болуп саналат.

«Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен Афганистан жана Пакистан базарына айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын продукцияларын экспорттоонун жаңы рынокторун биргелешип изилдөөгө кызыкдар»,- деди премьер-министрдин м.а.

Артём Новиков сөзүнүн аягында эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча практикалык иш-чаралар планына (Жол картасы) токтолду.

Ал аны жаңы өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлор менен толтуруу мүмкүнчүлүгүн баса белгилеп, план динамикалык инструмент болуп калышы керектигин, анын аткарылышы эки тараптуу экономикалык мамилелердин өнүгүү деңгээлин жыл сайын баалоого мүмкүндүк берерин айтты.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын чек ара аймактарынын акимдеринин кеңешинин Үчүнчү жыйынынын протоколуна кол коюлду.

Ошондой эле жумушчу сапардын алкагында премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарындагы бир катар өнөр-жай обьектилеринин иши менен таанышып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий