• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР Өкмөтү «Таза жашоо» улуттук кампаниясын ишке киргизет

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.18. /Кабар/. 2018-жылдын 1-мартынан 31-майына дейре Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ресурстарын социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана ирээтке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясын өткөрөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмү билдирди.

«Таза Жашоо» кампаниясынын алкагында аймактарды көрктөндүрүү пландаштырылууда, ал өзүнө айлана-чөйрөнү ирээтке келтирүү, курулуш жана башка таштандылардын түрүн тазалоо, жөө жүргүнчүлөр жолдорун куруу, ошондой эле жашылдандыруудан тартып, суу чыгаруу, рекультивация, унаа токтотуучу жайларды куруу, имараттарды, балдар аянттарын, ошондой эле «кичи архитектуралык формалар» аталчу обьектилерди сырдап-түзөө сыяктуу аймакты инженердик көрктөндүрүү боюнча чараларды камтыйт.

Өкмөттүк демилгенин алкагында атайы экологиялык акциялардын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле кампания маданий оюн-зоок иш-чаралары: тематикалык көргөзмөлөр жана инсталляциялар, музыкалык иш-чаралар, көркөм сынактар ж.б. менен коштолот.

Кампанияга өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдары катышат. Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү коомдук уюмдарды, экологдорду, жарандык активисттерди, өлкөнүн экологиялык, санитардык абалына, ошондой эле анын тышкы көрүнүшүнө көңүлкош карабаган бардык жактарды үч айлыкка активдүү катышууга чакырат.

«Таза жашоо» алкагында ошондой эле төмөнкү сынактардын өткөрүлүшү каралууда:

«Эң таза аймак»;

«Экологиялык жоопкер маморган»;

«Экологиялык жактан жоопкер коомдук уюм/кыймыл»;

«Тематикалык мобилдик тиркемени иштеп чыгууга мыкты идея».

Жогоруда аталган сынактар боюнча Байге фонду кампаниянын уюштуруу комитети тарабынан аныкталат.

Кампания алкагында өлкө жарандарын акцияга катышууга мобилизациялаган, ошондой эле өлкөнүн экологиясына карата жоопкер мамилени калыптандырууга багытталган кеңири медиа чагылдыруу пландаштырылууда.

Кампаниянын расмий хештеги #тазажашоо ( #tazajashoo) болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий