• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР Өкмөтү жарандарды кооптуу аймактардан көчүрүү маселесин сот аркылуу чечет

Коом 0

Бишкек, 4-май /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстандын Өкмөтү кооптуу аймактардан жарандарды көчүрүү маселесин сот аркылуу чечет. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков билдирди.

Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, өзгөчө кырдаалдар маселеси жылдан жылга кайталанууда. “Өкмөт дайыма жарандарды эскерткенбиз, көчүп кетүүнү өтүнгөнбүз жана башка дешет, бирок, эч нерсе өзгөргөн жок. Эмне үчүн силер кооптуу аймактардын жашоочуларын мажбурлап көчүргөн эмессиңер, алсак, Аюу айылынын тургундарын”, - деп сурады депутат.

Өз кезегинде вице-премьер-министр Жеңишбек Разаков өкмөт кооптуу аймактардан жашоочуларды мажбурлап көчүрүүнү сот аркылуу чечүү боюнча бул маселени карап жатканын айтты. “Адамдар жер көчкү алдында калган Аюу айылы тууралуу айтсак, биз эскертип, көчүп кетүүнү өтүнгөнбүз. Бирок аларга ссуда төлөнүп, жер тилкелери да берилгенине карабастан, айылдын аксакалдар кеңеши баш тартып койгон”, - деди ал.

Буга эл өкүлү Жогорку Кеңеш бул маселе боюнча бардык мыйзамдарды колдоого даяр экендигин белгиледи. Ошону менен бирге аткаруу бийлигин бул багытта иштөөгө чакырды. Өкмөт кооптуу аймакта жашаган адамдардын тизмесин түзүп, аларды көчүрүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий