• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ӨКМ: Жыл башынан бери 145 адам куткарылган

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. 2017-жылдын башынан бери КР ӨКМ куткаруучу бөлүктөрү тарабынан ар кандай кырдаалдарда 145 адам куткарылган. Бул тууралуу КР ӨКМ Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун жетекчиси Мухаммед Сваров кечээ ӨК министри К.Бороновдун катышуусундагы кызматтык кеңешмеде айтты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, кеңешмеге ӨКМ түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери катышты.

“ӨКМ куткаруучу жана өрт өчүрүүчү бөлүктөрү акыркы 5 айда 145 адамды куткарышкан. Алардын ичинен 46 адам – жол кырсыгынан, 65 - экстремалдык кырдаалдан, 2 – суудан, 32 адам – өрттөн куткарылган. Ал эми 2016-жылдын бул мезгилинде 91 адамды аман алып калышкан”, - деди М.Сваров.

Ошондой эле, 324 адамга жардам көрсөтүлгөн. Алардын 66на дарыгерге чейинки, 78 кыйын жагдайга туш болгондорго көмөк көрсөтүлүп, 180 адамга куткаруучулар бекилип калган эшиктерин ачып беришкен.

Пикир

Оставить комментарий