• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ӨКМ: Жыл башынан бери өзгөчө кырдаалдардан 119 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 31.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. 2017-жылдын акыркы 9 ай ичинде өзгөчө кырдаалдардан 119 адам каза болгон. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 2,8% көп. Бул тууралуу ӨКМдин коллегиясында айтылды.

ӨКМ министринин орун басары Калыс Ахматов билдиргендей, январь-сентябрь айлары аралыгында 318 өзгөчө кырдаал катталып, анын көрсөткүчү 34,2 % жогорулаган.

Анын айтымына караганда, кыш-жаз мезгилдеринде болгон жер көчкүлөрдөн эле 34 адам каза болгон.

Техногендик катастрофадан эле 9 айдын ичинде 47 адам көз жумган. Ахматовдун айтуусу боюнча, алардын арасына Дача-Су айылында кулаган учак, өрт жана ири жол кырсыктары кирген.

Пикир

Оставить комментарий