• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ӨКМдин суучулдары Казакстанда өтүп жаткан тренингге катышууда

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. КР ӨКМдин суучулдары Казакстанда өтүп жаткан тренингге катышууда. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР ӨКМдин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык жумуштарды өткөрүү борборунун кызматкерлери эксперт-машыктыруучу катары Казакстандын ӨКМнин суучул-куткаруучуларына тренинг өткөрүп жатышат. Эки жумалык жогорлатуучу-тренинг Жарандык коргонуунун эл аралык уюму тарабынан уюштурулган.

Машыгуу иштери Казакстандын Приозерск шаарындагы Суучулдарды даярдоочу республикалык окуу борборунун базасында “Балхаш” акваториясында 24-майдан 6-июнга чейин өткөрүлөт.

Окутууну уюштуруу иштерине Россиянын ӨКМнин Жарандык коргонуу академиясынын машыктыруучу-эксперттери дагы тартылган. Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар “суучулдук ишинде” алдынкы билимдери, тажрыйбалары, чеберчиликтери менен бөлүшөт.

Курстун аягында Казакстандын Өзгөчө кыррдаалдар министрлигинин суучул-куткаруучулары тарабынан сертификаттар ыйгарылат.

Пикир

Оставить комментарий