• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата медаль чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитти.

КР президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 “КР Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында 2023-жылдын 3-мартында министрлер кабинетинин №112 тиешелүү токтому кабыл алынды.

Документте айтылгандай, “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалы жөнүндө жобо жана юбилейлик медалга күбөлүктүн формасы бекитилген.

КР президентинин Иш башкармалыгына 2023-жылдын 1-майына чейин “КР Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдарын жана аларга күбөлүктөрдү белгиленген тартипте даярдоону камсыз кылуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий