• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы: Биз таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүгө ниеттенүүдөбүз

Коом 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Таза өтпөгөн шайлоолор өлкөдөгү туруксуздукка алып келет. Биз таза шайлоо өткөрүүгө ниеттенүүдөбүз. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Кыргызстандын улуттук коопсуздугунун актуалдуу чакырыктары” аттуу тегерек столдо КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстанда ыңкылаптарга жана башка саясий толкундоолорго ачык эмес жана ыплас өткөн шайлоолор алып келет. “Буга байланыштуу биз боло турган парламенттик шайлоого даярданып жатабыз. Биздин милдет, шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү”, - деди ал.

Иманкулов ошондой эле шайлоого катыша турган саясий күчтөрдү мыйзамды бузбоого жана ачык-айкын бийликке келүүгө чакырды. “Биз ар бир шайлоодон кийин өлкөдө туруксуздук болушуна жол бере албайбыз. Буга байланыштуу бардык саясий күчтөргө бирдей шарт түзүлөт. Ошол эле учурда, мен дагы бир жолу кайталайм, саясий партиялар өздөрү мыйзам бузбашы зарыл”, - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий