• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин жыйынына катышты

Президент 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаев бүгүн, 17-ноябрда, Жамааттык Коопсуздук боюнча келишим уюмунун (ЖККУ) Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитетинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйында ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук абалына учурдагы чакырыктардын жана коркунучтардын таасиринин деңгээли талкууланды.

Жамааттык коопсуздуктун алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө өз ара кызматташууну күчөтүү, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташууну кеңейтүү, эл аралык терроризмге, террористтик жана аны менен байланышкан экстремисттик идеологиянын жайылышына каршы аракеттерди координациялоо боюнча чаралар иштелип чыккан.

Рыскелди Мусаев өз сөзүндө согуш аракеттери токтобой, курч кризистик абал өкүм сүрүп жаткан аймактардагы терроризм менен радикализмдин башка жактарга жайылуу процесси уюмдун жоопкерчилигиндеги аймакта коопсуздук үчүн олуттуу көйгөйлөр болуп саналарын белгиледи.

Бардык топтордун кызыкчылыктарды бирдей кабылдоосу аркылуу, ошондой эле социалдык адилеттүүлүк, жашоо, маданият, каада-салт образы жаатындагы коомдук байланыштарды колдоо жана өнүктүрүү аркылуу азыркы кездеги ар кандай чакырыктарга карай туруктуулукка жетишүүгө болот.

Ошондой эле ЖККУ Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети тарабынан аскер жана аскердик-техникалык кызматташуу, ЖККУнун тынчтык орнотуу күчтөрү жана Ыкчам жооп кайтаруунун жамааттык күчтөрүн (ЫЖЖК) жабдуу, ЖККУнун баңгизаттарга каршы стратегиясы жана мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоого тиешелүү ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин бир катар чечимдеринин долбоорлору каралып, жактырылды.

Эске салсак, 2020-жылы ЖККУда Россия Федерациясы төрагалык кылууда.

Пикир

Оставить комментарий