• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР Куралдуу күчтөрүнүн 30630 аскер бөлүгү 12 жылдыгын белгиледи

Коом 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 19-март Кургактагы аскерлердин 30630 аскер бөлүгүнүн түзүлгөн күнү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул күнү аскер бөлүктүн түзүлгөндүгүнө 12 жыл толуп, аскер бөлүктө салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Салтанатта кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары жана жоокерлер аскер бөлүктүн командиринин Ардак грамоталары менен сыйланып, Кургактагы аскерлердин колбашчысынын куттуктоосу окулду.

КР КК 30630 аскер бөлүгү 2009-жылы түзүлүп, бүгүнкү күндө Куралдуу күчтөрдүн машыгууларында, кошуна жайгашкан Таджикстан менен биргеликте жана эл аралык машыгууларда өздөрүнүн күжүрмөн даярдыгынын жогору экендигин далилдеп келишүүдө. Мындан тышкары Бакен облусунун коопсуздугу менен элинин тынчтыгын камсыздоого бар күчүн аябай келишүүдө.

Аскер бөлүк түзүлгөндөн бери бир нече ирет Куралдуу күчтөрдүн “Эң мыкты аскер бөлүк” вымпели менен сыйланып, алдыңкы аскер бөлүктөрдүн бири болуп келет.

2021-жылдын 30-мартынан 1-апрелине чейин өтүүчү “Коопсуздук-2021” машыгуусу аталган аскер бөлүктүн базасында өтөт. Бул машыгууга аскер бөлүктүн өздүк курамы кызуу даярдыктарды көрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий