• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин жаш жоокерлери ант берди

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 36806, 02626 жана 92843 аскер бөлүктөрүндө жаш жоокерлердин ант берүүсү болуп өттү. Бул тууралуу КР КК Башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирет.

Жаш жоокерлер бир айлык даярдоо курсунан өтүп, жоопту офицерлер жана старшиналар жоокердин негизги милдеттери болгон аскердик тартип, саптык даярдыктын негиздерин, жалпы аскердик устав, аскердик техникалар жана куралданууну үйрѳтүштү.

Ант берүү аземи жылдагыдан айырмаланып “COVID-19” илдетинин жайылышын алдын алуу максатында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өтүп, жоокерлердин ата-энелери жана жакын адамдары катышкан жок.

Пикир

Оставить комментарий