• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР Куралдуу күчтөрүндөгү өздүк курам менен иш алып барган офицерлерге окутуу жыйындары өттү

Коом 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 3-5-февралында КР Куралдуу күчтөрүнүн Күжүрмөн даярдоо борборунда КР Куралдуу күчтөрүндөгү өздүк курам менен иш алып барган офицерлерге окутуу жыйындары болуп өттү. Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга КР КК Кургактагы аскерлеринин, Улуттук гвардиясынын, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн тарбиячы офицерлери катышып, психология, укуктук даярдык, медиа сабаттуулук, жалпы мамлекеттик даярдык ж.б сабактар жүргүзүлдү.

Сабактарды тажырыйбалуу офицерлер, КР КК Аскер институтунун окутуучулары, укук коргоо тармагындагы тажырыйбалуу адистер өткөрдү.

Аталган жыйындын жүрүшүндө катышуучулар Ата-Бейит мемориалдык комплексинде болушту. Ошондой эле, 7-апрелде каза болгондорду эскеришти.

Алдыда мындай жыйын өлөбүздүн түштүк аймагындагы аскер бөлүктөрдүн офицерлерине дагы уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий