• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР курама командасы адагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 16.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын курама комадасы Болгарияда өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 4 медаль утту.

Эске сала кетсек, мелдеш Пловдив (Болгария) шаарында 10-15-сентябрь күндөрү өткөн.

Биринчи медалды спортчу Айсабек Полатбеков утуп, ал 55-60 жаштагы спортчулардын арасында 62 кг салмактагы категорияда грек-рим күрөшү боюнча мелдешке чыккан.

Эркин күрөш боюнча Алты Инаркиев 78 салмактык категория боюнча коло медаль тагынса, 100 кг салмактык категорияда Чынарбек Изабеков күмүш, Нурдин Донбаев 62 кг салмак боюнча күмүш медаль тагынган.

Эске сала кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандын атынан 10 спортчу катышты. Алардын арасында мурунку ички иштер министри, Күрөш федерациясынын вице-президенти Мелис Турганбаев дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий