• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР курамасы Чехияда өткөн интеллектуалдык спорттун түрү боюнча 8 сыйлык алышты

Спорт 0

Бишкек, 26-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. 13-21-июлда Чехияда интеллектуалдык спорттун түрү боюнча эл аралык олимпиада өтүп, анда Кыргызстандан барган команда 8 сыйлык жеңип алышты. Анын 3сү алтын, 1 күмүш жана 4 коло медаль. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган олимпиаданын алкагында Польшадан, Австриядан, Түркиядан, Украинадан, Израилден, Франциядан, Германиядан, Казакстандан, АКШдан, Кыргызстандан жана Чехиядан келген 80 катышуучуга 12 комплект сыйлык ойнотулган.

Улуттук спорттун түрлөрү дирекциясынын директору Токсонбай Асановдун айтымында, тогуз коргоол боюнча спортчуларга стипендия берүү маселеси каралып, ал жакын арада чечилет.

“Мен Кыргызстандын командасын ийгиликтүү жеңиши менен куттуктайм. 12 команданын арасынан биздин курама команда экинчи орунду камсыз кылды. Биздин спортчулардын жетишкендиги албетте бизди сүйүндүрөт, жана ал жылдан жылга жакшырууда. Биздин желек сөзсүз түрдө ири эл аралык турнирлерде бийик көтөрүлөт, себеби бизде мыкты машыктыруучулар көп”,-деп билдирди Асанов.

Пикир

Оставить комментарий