• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР курамасы Сочиде өтө турган панкратион боюнча дүйнө чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызсстандын курама командасы Сочиде өтө турган панкратион боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында ММА жана панкратион федерациясынын вице-президенти Авазбек Доромбаев билдирди.

“Учурда команда түзүлдү. Бул мелдеште Кыргызстандын курамасы тиешелүү натыйжа көрсөтүп, байгелүү орундарды ээлейт деп ишенем”,-деди ал.

Маалыматка ылайык, учурда чоңдор жана жеткинчектер арасында 16 талапкер катталган. Бирок каражат жагынан бир аз маселе бар. Анткени, акча каражатынын бардыгын федерация өзү табышы керек. Мисалга, Сочиге барып келүү үчүн 10 спортчуга эң аз дегенде 370 миң сом керектелет, бул өз кезегинде федерация үчүн чоң суммадагы каражат.

“Учурда авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анткени дегенде бир эле билет 37 миң турат экен”,-деп билдиришти федерациядан.

Эске сала кетсек, панкратион боюнча дүйнө чемпионаты Сочи шаарындагы “Адлер-Арена” спорт комплексинде, 2017-жылдын 25нен 29-октябрь аралыгында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий