• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР курамасы тарыхта биринчи жолу Индиянын командасын утту

Спорт 0


Бишкек, 27.03.17 /Нурсулуу Нуркамилова - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курамасы тарыхта биринчи жолу Азия - 2019 Кубогуна тандоонун алкагында Индиянын курамасын 2:1 эсебинде утту.

Беттеш бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы спорт аренасында өттү. Атаандаштардын дарбазасына голду футболчулар Антон Землянухин жана Мирлан Мурзаев киргизген.

Эске сала кетсек, мурда КР футболчулары Мьянманын курамасы менен Түштүк Кореядагы “Инчхон” стадионунда беттешип 5:1 эсебинде уткан. Ислам Шамшиев оюндун 2-мүнөтүндө эсепти ачкан. Антон Землянухин 5чи жана 36-мүнөттөрдө топ киргизген. Виталий Люкс 74-мүнөттө атаандаштын дарбазасына дагы бир гол киргизген. Ал эми 87-мүнөттө бешинчи топту Бекжан Сагынбаев киргизген.

Кыргызстандын курамасы “А” тобунда Индия, Макао жана Мьянманын курамалары менен ойноп, 1-орунду алып жеңишке жетип. Бул жеңиш КР курамасына 2019-жылда өтүүчү футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкканга мүмкүндүк берди.

Пикир

Оставить комментарий