• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР курамасы волейбол боюнча Азия чемпионатында коло утту

Спорт 0

Бишкек, 27.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курамасы волейбол боюнча Борбордук аймактагы Азия чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерация билдирет.

Маалыматка ылайык, турнир ушул тапта 6 кураманын катышуусунда Бангладеште өтүп жатат.

Тайпалык этапта КР курамасы 2-орунду алып, жарым финалга чыгып, Бангладеш менен ойноп 2:3 эсеп болгон.

27-апрелде 3-орун үчүн болгон мелдеште КР курамасы 3:0 эсебинде (25-20; 25-22; 25-20) Непал менен ойноп, коло медаль багындырган.

Мурда 2016-жылы КР курамасы - күмүш утса, 2017-жылы – алтын багындырган. Оюндун финалдык бөлүгүндө Бангладеш менен Түркмөнстандын курамалары беттешет.

Пикир

Оставить комментарий