• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР курамасы волейбол боюнча Азия чемпионатында жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 25.04.18. /Кабар/. КРдин волейбол боюнча улуттук курамасы Азия чемпионатында жарым финалга чыкты. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир ушул тапта Дакка (Багладеш) шаарында алты кураманын катышуусунда өтүп жатат.

Кечээ, 24-апрелде “В” тайпасында экинчи орун жана жарым финалга чыгуу үчүн КРдин курамасы Өзбекстандын курама командасы менен беттешип, утуп алган.

Бүгүн Кыргызстандык спортчулар Бангладештин курамасы менен беттешет.

Экинчи жарым финалда Түркмөнстан менен Непалдын курамалары ойнойт.

Турнирден ½ финалдык оюну бүгүнкүгө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий