• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР курамасы волейбол боюнча Россияда өткөн турнирде “күмүш” утту

Спорт 0

Бишкек, 06.11.19. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектин “Улар” курама командасы Россияда өткөн волейбол боюнча эл аралык турнирде күмүш медаль утту. Бул тууралуу КР волейбол федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Петропавловск-Камчатский шаарында (Россия) 3нөн 5-декабрь күндөрү эсеп боюнча 13чү ачык турнир өткөрүлгөн. Иш-чара Анатолий Таранцанын элесине арнатылды.

КРдин атынан 4 курама команда катышты. “Улар” курамасы старттык оюнда “Океан” жана “Сокол” командаларын 3:0 эсебинде уткан.

5-декабрда “Камчатаэронавигация” курамасы менен жыйынтыктоочу оюн болгон.

Турнирде 1-орунду Россия клубу, 2-орунду “Улар” курама командасы ээлеген. 2016-жылы “Улар” аталган турнирде алтын медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий