• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

КР курамасынын машыктыруучусу (U-17): Балдар-өспүрүмдөр футболуна көңүл бурула баштады

Спорт 0

Бишкек, 16.05.18./Кабар/. Учурда Кыргызстанда балдар жана өспүрүмдөр футболуна терең көңүл бурула баштады. Бул кыргыз футболунун келечеги. Бул тууралуу Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасынын (U-17) башкы машыктыруучусу Игорь Никитин Кытайда өтүүчү алдыдагы CFA International Youth Tournament турнири тууралуу өз оюн билдирип жатып айтты.

«Дал ушундай турнирлерде жаш оюнчулар керектүү тажрыйба топтой алышат», - деди Никитин.

Анын айтуусуна караганда, Кытай, Иран жана Япониянын өспүрүмдөр курамалары абдан күчтүү, бирок аларга каршы ойноого мүмкүн жана ойноо керек.

Кыргыз футболчулары менен Кытай курамасы ортосундагы оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча чаат 17:35те башталат.

Эске салсак, 17жашка чейинки Кыргызстандын өспүрүмдөр курамасы CFA International Youth Football Tournament 2018 эл аралык турнирине катышат. Турнир Кытайдын Цзянинь шаарында 16нан 20-майга чейин өтөт. Ошондой эле турнирге Иран, Япония жана Кытайдын өспүрүмдөр курамалары да катышат.

Беттештердин бардыгы Jiangyin Sports Centre оюн талаасында өтөт.

КР курамасынын оюндарынын жүгүртмөсү;

16-май (шаршемби)

Япония (U-17) – Иран (U-17)

Кытай (U-17) – Кыргызстан (U-17)

18-май (жума)

Иран (U-17) – Кытай (U-17)

Кыргызстан (U-17) – Япония (U-17)

20-май (жекшемби)

Иран (U-17) – Кыргызстан (U-17)

Кытай (U-17) – Япония (U-17).

Пикир

Оставить комментарий