• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Кургактагы аскерлеринин 30670 аскер бөлүгүндө тактикалык түнкү машыгуу болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. КР Куралдуу күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 2020-жылга бекитилген күжүрмөн планынын негизинде 30670 аскер бөлүгүндө көрсөтмөлүү роталык тактикалык түнкү машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти.

"Машыгууну аталган аскер бөлүктүн батальон командири жетектеп, ага тоо аткычтар ротасы, минометтукбатарея, зоот-чапкыттуу техникалык, инженердик зыянсыздандыруучу топтор, зениттик ракеталык батарея жана байланыш взводдору катышты. Машыгууда ротанын көрсөтмөлүү түнкү ок атуулары жогорку денгээлде өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Башкы штабдан белгилешкендей, машыгуунун негизги максаты - өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү жана согуштук абалда коргонуунун ыкмаларын колдонууну жогорулатуу болуп саналат. Аталаган машыгууда өздүк курам коргонуу боюнча өздөрүнүн теориялык билимдерин тереңдетишип, практика жүзүндө тажрыйбаларын бышыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий