• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясы инвесторлор үчүн жакшы шарттарды түзөт – Акматалиев

Коом 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Жакында эле КР өкмөтү Кыргыз Республикасынын курулуш тармагын өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейинки стратегиясын бекиткен. Ал тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирбек Акматалиев айтып берди.

Ал белгилегендей, стратегия менен катар курулуш үчүн уруксат берүүчү документтерди берүү тартиби тууралуу жобонун жаңы редакциясы бекитилди.

"Өкмөт кабыл алган бул эки документ өлкөнүн курулуш тармагынын мындан ары өнүгүшүнө жол ачып, инвесторлор, биздин курулуш компаниялар үчүн жакшы шарттарды түзөт", - деди ал.

Анын айтымында, стратегиянын негизги багыттары – курулуш материалдарынын өндүрүшүн өнүктүрүү, курулуш тармагын тескеген мыйзамдарды, өлкөдөгү инвестициялык абалды жакшыртуу.

"Стратегияга киргизилген чаралардын баары өлкөдөгү архитектураны мындан ары өнүктүрүүгө жол ачат. Анын жыйынтыгында КМШ жана ЕАЭБ боюнча өнөктөш жана кошуна мамлекеттердин курулуш чөйрөсүнө атаандаштык кыла алчу курулуш комплексин түзөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий